2020-жылы өлкө аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 600дөн ашык лицензия берилди
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензия берген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2020-жылы өлкө аймагындагы юридикалык жактарга - 619 жана 7 жеке ишкерлерге лицензия берилген.
Лицензиялардын жалпы саны боюнча:
- Бишкек шаарында - 359;
- Чүй облусу - 43;
- Талас облусу - 10;
- Ысык-Көл облусу - 18;
- Ош облусу- 146;
- Баткен облусу - 8;
- Жалал-Абад облусу - 35;
- Нарын облусу - 7 лицензия берилген.
"Биринчи жолу 450 уюм лицензиясын алышкан, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.