Ош. Облустар аралык балдар ооруканасы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгиледи
Мааракенин катышуучулары


Мааракенин катышуучулары

Маараке КРнын Мамлекеттик гимни менен ачылды

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын башчысы Абдисалим Анарбаев кесиптештерин куттуктоодо

Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышты

Өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков мекемени 50 жылдык мааракеси менен куттуктады

Медицина тармагында эмгеги сиңген инсандарга Ардак грамоталар тапшырылды

Мында иштеген айрым кызматкерлерге Саламаттыкты сактоо министрилиги тарабынан төш белгилер тапшырылды

Оорукананын 50 жылдыгына арналган китеп да жарык көрүптүр
Бүгүн, 4-октябрда Ош облустар аралык балдар ооруканасы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгиледи. Аталган оорукана 1963-жылы 7-мартта алгач 100 орундуу болуп ачылып, өз ишин баштаган. Убакыттын өтүшү менен кеңейтилип, учурда оорукана 520 орунга ылайыкташтырылган. Оорукананын башчысы Абдисалим Анарбаев алгач чыгып сөз сүйлөп, кызматкерлерди куттуктады. Мындан сырткары иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, саламаттыкты сактоо тармагынан өкүлдөр катышты. Орусия мамлекети медициналык мекемелер үчүн гранттык негизде бөлгөн акча каражатынын эсебинен учурда аталган мекемеде суу түтүктөрү алмаштырылып жаткандыгын белгиледи Анарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

