super.kg logo

Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министринин отставкасын талап кылууда

 

Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Комитет министрдин билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

"Укуктар менен эркиндиктер кандайдыр бир министрдин же мамлекеттин башка өкүлү тарабынан өзүм билемдик кылып чектелиши мүмкүн эмес. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык жана Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктарына кирет.
Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес, анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар", - деп жазып калтырган Жарандык көзөмөл комитети фейсбук баракчасында.
Мындан тышкары аталган комитет Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жоюуну сунушташкан.
"Маданият министрлигинин милдеттерин Экономика министрлиги аткара алат" деп кошумчалап өтүшкөн.
Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда, бул боюнча эртең менен маалымат берерин айтышты.
Окуянын чоо-жайы:

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айтты.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдады.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(25)
12.01.2021. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошондо жарандык комитет Курал Чокоевдин сөгүнгөнүн колдоп чыгып аткан болобу, жарандык комитеттин курамында кимдер бар өзү?!
13.01.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарандык комитет кимдер өзү?
13.01.2021. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
jergetal, Бака й
13.01.2021. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Андай болсо ар ким отугун торго илип алып ,сыйынабы не? Маданият деген кайда калат ошондо?Же баякы музейдеги маданиятты колдошобу жарандык комитеттер.Чектоо болушу керек.Жаштарга,келечек муунга улгу болушу шарт маданият адамдары.Кийим кийуу модасы да ошол ырчылардан элге таркалат.Жарашыктуу кийинип,жаман создорду колдонбогонго аракет кылса,осуп келе жаткан жаш муунга пайда эле болот.Согунуп,кагынып,акыйнек айтышып турса,сыналгыдан ,[moderated]тан канча эл коруп отурат.Оздору деле уялбайбы.
13.01.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кысчу жерин кыссынынчы жарандык комитет озун отставка болуп кетпе.
13.01.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жарандык комитетти озуну жоюу керек. Алар озу не иш кылат?
13.01.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Нуржигитти сындагандан уялбайсынарбы ошол жарандык козомолдогулор. реформа керек дейсинер кылып баштаса наалып бут тососунар же эмне заказ аткарып жатасынарбы жанагы фонограмма менен калпы ырдап арам окат кылгандар акча чогултушса керек арам окатан айрылып калбайлы деп!
13.01.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жарандык комитет дагы сөгүнгөндөрдөн түзүлгөн комитет окшойт да, өздөрү комитет түзүп алышып комитет атап алган!
13.01.2021. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жарандык комитет керекпи бизге же маданият министириби?Шайлоо болот окшойт дагы.
13.01.2021. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акмакчылык.Не деген мамлекетте жашап жатабыз согунгондорду коргогон кандай адамдар алар . Маданият министрлигин жоет деген не тамтык .
13.01.2021. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
министрдин отставкасын Бир гана премьер-министр кабыл алышы кк эмес беле, жамандык комитет деген кайдан чыкты. Экономика министрлиги озунун ишин аткара берсинчи. отставкага кетириш учун башка нерсе таппадынарбы?
13.01.2021. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ушундай бет тырмар, бузуку, калпычы, доочулдар ото кобойуп кетиптир. Нуржигитке тийишпегиле, озу эми гана тазаланып, таза кадрлар келип башташанда доодурой бербегилечи жаракадан чыга калгансыбай!
13.01.2021. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жарандык активистер жанагы жылаңач аялдарды, феминистерди, ЛГБТ ларды колдогондор болушу мүмкүн.
13.01.2021. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошонда жарандык эмес пида..з комитетко
13.01.2021. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Нуржигиттин позициясы озу бир аз теологизм жака акцент жасап жиберет, а бизге светское общество керек, ал ар китептерден алып элге оратор болуп коруно бергени мн, шаардыктардын коз карашы анын позициясы мн топ келиши кыйын. Жаш кадр деп эле фундаменти бош кадр албай фундаменти ото кучтуу, грамотный кадр болсо жакшы болмок. Ош пиримде анын карындашы Нуркыз иштечу беле, агасын колдоп айтканын кылды корунот.
13.01.2021. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Охоо,минустар тан атканча бажырап калыптырбы ээ.Жарандык козомол комитетин колдогондор кобойуп кеттиби,же согунуп суйлогондорго колдоо корсоткондор копчулукпу.
Саясий экономикабыз эмес,маданиятыбыз да томондоп баратат.Ото кейиштуу.
13.01.2021. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакайга жумуш бербесең ушинтип ажылдап эле көчөдөгү иттен айрымасы жок калды.
13.01.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79,туура айтасынар.шайлоого кыйкырып бутуп эми согунгондорду коргоп баштаптыр да
13.01.2021. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул создорду Кайрат суйлоп жатат эле, ата энеси козомолдошу керек деп, Ошо уюштурганго дейм
13.01.2021. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маданияты жок эл болчу беле? Дөөдүрөйсүңөрда экономика министри маданият мн иш алып барчы беле. Алар мамлекеттин экономикасын көтөрүүнүн жолун издесин... Маданияттуулук ар бирибизге керек. Өзбекстан өзүнүн маданият кызматкерлерин кандай контролдойт. Элге жат көрүштөрдү кылган болсо лицензиядан ажыратып коёт. Бизда ырчыларга лицензия алууну киргизишибиз керек...
13.01.2021. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мейли жаш муунду ата энеси көзөмөл кылсын улуу муунга деле өтө жийиркеничтүү.Министр эң туура чечим кылган колдойбуз,эсиргендер бир аз эсине келсин да.
13.01.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нуржигит туура эле эле чечим чыгарган.Кичине тартип деген болуш керек.Аларды коргон жаштар каяка барышат.
13.01.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо Кайрат Кыргыз мн Курал Чокоевти анан вообще бети бетон болуп калган Кайрат Примбердиевтин согунуп маданиятка тууру келбеген создорун кайсы эшектин мээсин жеген жарандык комитет колдоп жатат.Ырас кылат Нуржигит министр болуп келгенден бери артистер каплаганын жасай албай капаста калды.Долбоорду да жаштарга ылайыктай кылып коргозгуло согунгонунорду прямойдон кетирбей.Уят Примбердиев голоско катышып алып озун ким деп ойлоп жатат.Жаштар комитетинде кимдер бар озу.Жаштар комитети жоюлсун
13.01.2021. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жарандык комитет дегендери жанагы нпо же өкмөттүк эмес уюмдардан түзүлгөн бир комитет. алар жанагы лгбт же кызтекелердин укугун коргоп чыккан куудулдар
14.01.2021. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарандык козомол озу кетсин алар Нуржигит агайдан айланып, тегеренип кетсин, маданиятты Нуржигит агайдан уйронуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: