super.kg logo

Канадада өспүрүм жигит анын сырын билбеш үчүн үй-бүлөсүн толугу менен өлтүрдү. Эмне болгон сыр?

 

Канаданын Маркем шаарынын 23 жаштагы Менхаз Заман аттуу тургуну анын сырын үй-бүлөсү билип калбаш үчүн баарын өлтүрүп салган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бангладештен Канадага көчүп барган жигиттин ата-энеси аны менен сыймыктанчу. Алар уулунун кадыр-барктуу университетте инженер кесибинде окуп жаткандыгына жана аны жаркын келечек күтүп турганына толук ишенишкен. Бирок Менхаз чындыгында эч жерде окуган эмес. Ал окууга кеттим деп күнү бою компьютердик клубда ойноп, кечинде үйүнө барчу. Анын үй-бүлөсү бул тууралуу билчү эмес.

Бүтүрүү кечесине бир күн калганда Менхаз эч нерсе билбеши үчүн түштө эс алып жаткан апасын өлтүргөн. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин ал чоң энесин өлтүрүп, кечинде ал жумуштан кайтып келген эжесин, түн ортосунда атасын өлтүрүп салган.

Андан кийин ал досторуна жансыз денелер менен сүрөткө түшүп жөнөткөн. Достору полицияга кабарлап, полиция кызматкерлери Менхазды үйүнөн кармаган.

Менхаз бул кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал сотто үй-бүлөсүн тааныгандардан кечирим сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
13.01.2021. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кандай сыр болду экен деп ачып окуу койсо,просто маньяк турбайбы.
13.01.2021. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Компьютердик оюндардын зыяны да
13.01.2021. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Акмак экенсиң ата-эне кандай үмүт менен өстүрөт баланы.
13.01.2021. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин айылда бир бала ошондой кылып диплом алаарда Россияга качып кеткен. Ата энеси 5 жылдан кийин билген
13.01.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ата-Эне да көзөмөлдөш керек баланы кандай окуп жатканын, окуу жайына бир басып барып койбогондун кесепети
13.01.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Интернет замандын тарбиясы
13.01.2021. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба не деген шумдук
14.01.2021. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак маняк экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: