"Алсыз экениме өкүнөм". 4 баласы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эне элден жардам сурайт

"Балким, апам болгондо бардыгы башкача болмок" деп биздин редакцияга кайрылган каарманыбыз сөзүн баштады. 28 жаштагы Айтол Жумабек кызы учурда 4 баланын энеси. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой эне катары жардамга муктаж болуп турганын айтат.
"Биз үч бир тууган элек, мен жана эки иним. Мен 3-класс болуп калганда апамдан айрылдык. Анда кичүү иним 2 жашта болчу. Үчөөбүз үч жакка бөлүндүк. Атам үйлөнүп алгандан кийин чоң апамдыкында айылда жүрдүм. 9-классымда атам шаарга чакырды. Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында атамдын үй-бүлөсү менен жашап жүрдүм. Мектепти аяктаган соң турмушка чыктым. Бир балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Кийинки турмушумдан 3 балам бар. Жашоомду жарык кылган балдарым бар экенине шүгүр кылам.
Өзүм эне мээримине тойбой калгандыктан балдарыма болгон мээримимди төгүп, эч нерседен кем кылбай өстүрүүгө аракет кылып келем. Жолдошум бир жыл мурун Москвага кеткен, келем деген бойдон кайрылып келген жок. Элден Москвага барып үйлөнүп алганын уктум. Өзүм 2-топтогу майыптык боюнча 3 миң 400 сом жөлөк пул алам. Ошол акча менен балдарымды багып, күн кечирип жашап келем. Кээде атам жардам берет. Анын деле өз жашоосу, үй-бүлөсү бар деп көп кыжаалат кылгым келбейт. Кичүү балам 1 жарым жашта, улуусу 8 жашта. Бир жыл мурун ушул улуу баламдын эпилепсиясы кармай баштады. Аны дарылатууга дареметим жетпей бара жатат. Оорусу кармаган сайын жүрөгүм ооруйт. Ушунчалык алсыз экениме өкүнүп кетем. Азыркы заманда ар кимдин өз жашоосу бар экенин түшүнөм. Бирок батир акысы, уулума дарылатууга, күнүмдүк жашоого каражат табуу сыяктуу түйшүктөр мени бурчка кептеп жатат. Намысты артка таштап элимден жардам сурайм", - деди ал.
Айтол Жумабек кызына жардам берүүнү каалагандар 0707 84 82 57 номерине чалсаңыздар болот.
Сүрөт жана видео каармандын уруксаты менен жарыяланды.
Айтол Жумабек кызынын эпилепсия менен жабыркаган 8 жаштагы уулу
