super.kg logo

"Баалуу буюмдарды уурдап жүрүшкөн". Бишкекте унаалардын ичине уурулукка кирип жүргөн уюшкан кылмыштуу топ кармалды

 

Бишкекте унаанын салондорунан уурулук кылып жүргөн уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январь күнү Биринчи Май РИИБине Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:00дө Hyundai Solaris үлгүсүндөгү Киев көчөсүндө токтоп турган унааны ачып, 1 миң 800 сом акчасы менен капчыгын, 13 миң сомдук сумкасын, дагы бир эркектин сумкасын, анын ичиндеги 5 миң сомдук электр устарасын уурдап из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шаарда жаш жигиттерден турган туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иштеп жаткандыгы, алар жогорку технологиялык шаймандарды колдонуу менен автоунааларды ачып, жашыруун акча жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөндүгү аныкталган. Алар жасаган кылмышынан кийин кылдаттык менен из жашырып жүрүшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 32 жаштагы Т.А., 21 жаштагы Д.Н. жана Б.Б, 17 жаштагы А.Н кармалып, тергөө абагына киргизилген. Кылмышка шектүүлөрдүн бири "Telegram" мессенжери аркылуу унаадан дээрлик бардык сигнализациялык панелди алмаштыра турган атайын электрондук шайманга буйрутма бергенин айтып берди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдүн кылмыштын башка фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери уланууда.






Бишкекте унаалардын ичине уурулукка кирип жүргөнгө шектелип уюшкан кылмыштуу топ кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: