super.kg logo

Ошто белгисиз адамдар эки милиция кызматкерине ок атып качып кетишкен. Шектүүлөр изделүүдө

 

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда эки милиция кызматкерин атып кеткен шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 01:10 чамасында Кара-Кулжа РИИБинин милиция кызматкери С.Б. Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө токтоп турган өзүнө таандык болгон Нива үлгүсүндөгү автоунаасында отурган учурда ага бейтааныш жаран кол салып унаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги ок атуучу куралынан капысынан ок чыгарган. Милиция кызматкеринин эки далысынын ортосуна 7-8 чачма ок тийген.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барганда Кара-Кулжа РИИБинин тергөөчүсү Д.К. унаадан түшкөн кезде анын арт тарабынан белгисиз жаран ок атуучу курал менен бир жолу эки далысына атып жиберген, ошол учурда Д.К жанындагы табелдик ок атуучу куралы менен ал атуулду көздөй бир жолу ок чыгарган. Ошол кезде ал окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Натыйжада Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери Д.К. жана Б.С. денесинен жаракат алышып, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилди. Аталган окуя боюнча Кара-Кулжа районунда атайын операция киргизилип, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлду", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.

Учурда тергөө амалдары жана шектүү жаранды аныктап, кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.01.2021. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай зоокурлорду таап катту чара коруш керек!
13.01.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошого жеткизген да.
13.01.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон келип биро бироону атпайт да.
13.01.2021. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап текшерсе куноо оздорундо болуп чыгат.
13.01.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кара Кулжанын менттери өздөрү бандит да.Убагында мен да бир,экөөнү атып салгым келген.Менде курал болбой калган да.Жакшылап текшерсе,кылмыштын башы өздөрүнө барып такалат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: