super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун "Салянова, Рысалиев жана Суранчиев иштен кетмейинче иш бөлмөмдү бошотпойм" деди

 

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев, ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана башкы прокурор Аида Салянова иштен кетмейинче иш бөлмөсүн жаңы шайланган акыйкатчыга бошотуп бербей турганын билдирди. “Мен акыйкатчымын. Парламент мыйзамды бузуу менен жаңы акыйкатчы шайлады. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу мен да Жогорку Кеңештин токтомун аткаруудан баш тартам. Өкмөт башчы Сатыбалдиев "мыйзамдагы ууру" Батукаевдин бошотулушуна күнөөлүү Зарылбек Рысалиев, Абдулда Суранчиев, Аида Салянова баш болгон аткаминерлерди иштен алсын”,- дейт Акун. 19 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Турсунбек Акун: “Бийликтегилер мени экинчи жолу өлтүргүсү келип жатат. Менин ордума шайланган акыйкатчы "иш бөлмөмдү бошот "деп мажбурлаган жок. Акыйкаттык орномоюнча мен бул жерден кетпейм”,- деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: