super.kg logo

"Артында чиедей 3 баласы калды". Караколдо асынып алган журналисттин сөөгү жерге берилди, кесиптештери аны эскеришти

 

Буга чейин 12-январга караган түнү Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук телеканалдын журналисти асынып алганы маалым болгон.

SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү максатында маркумдун кесиптештери жана жакындарынан маалымат алды.

Каза болгон журналист Гүлбара Узакова 29 жашта болгон. Анын артында 3 баласы - 7 жаштагы уулу, 6 жаштагы кызы жана 1 жаш 6 айлык наристеси калды. Гүлбара айым Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын кызы болгон. Облустук телеканалда "Дүйнө кереметтери", "Атайын чыгарылыш" берүүлөрүн, саясий өңүттөгү жаңылыктарды жасап келген.

Кесиптештеринин айтымында, Гүлбара айым акыркы күндөрү маанайы жок, жан дүйнөсүн бир нерсе кыйнагандай болуп жүргөн.

"Ыр жазып, созолонто обон созуп ырдап да калчу. Колунан көөрү төгүлгөн уз, мээримдүү эне, асыл жар болчу. Үй-бүлөсүн, балдарын биринчи орунга коюп, мыкты жубай болчу. Кайын журтум келет экен деп чуркап, дасторконун даярдап тосуп алчу. Кийинки убактарда безеленип учуп-күйүп, тиги жумушумду бүтүрүп келе калайын, муну бүтүрүп келе калайын деп бир ордунда турбай унаасын айдап алып шашып эле жүрдү. Акыркы күндөрү маанайы жок, ичинде бир нерсе кыйнагандай болуп жүргөнүн байкап калдык эле. Бизге жеткен маалымат боюнча, өлүмүнүн себеби белгисиз. Бирок ал болор-болбос нерсеге өз жанын кыйбайт эле деп жатабыз. Эч ким билбейт, бизде азырынча такталган маалымат жок. Эмнеден улам кырсык болуп кеткенин түшүнө албай айран-таң болуп жатабыз", - деп билдиришти бирге иштеген жакын санаалаштары.

Маркумдун жолдошу болсо 32 жашта токтоо адам экенин кошумчалашты. Гүлбара Узакованын сөөгү, бүгүн 13-январда жерге берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
13.01.2021. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Куураган байкуш балдарын ойосо болмок, 3оо тен кичинекей экен энеси жок кагып силкип чонойгуча кандай кордуктарды корот балдары. Эмне болду экен деги.
13.01.2021. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оа балдарына жаман болду ...
13.01.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кримналдарды тыйбаса болбойт. Намысына тийген болушу мумкун. бирок тыйа алабы деген ой турат ....
14.01.2021. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асынып өлгөн ото күноо деп айтышат Аалымдар.эми жайын бейиштен бирсин Аллахым.өлгөн өзүнүн шору балдарыда ыйлап ыйлап күн көрөт омүрлөрүн берсе.күйөсүнө даагы бир аял.өзүнө эле кыйын болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: