"Ылдамдыгын башкара албай калган". Казакстандык баланын өлүмү боюнча "Каракол" тоо-лыжа базасы билдирүү жасады
Каракол шаарындагы тоо-лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүм боюнча "Каракол" тоо-лыжа базасы билдирүү жасады. Мындай билдирүү аталган тоо-лыжа базасынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Чиркөөнүн бул бөлүгү татаал жана өзүнө гана ишенимдүү лыжачылар жүрө алышат. Көрсөтүлгөн картада бул бөлүк кыйын деп белгиленген жана маршрут башталганга чейин "Тик түшүү" деген эскертүү белгиси бар. Лыжа базасы токойдун ортосунан өтөт. Ошондуктан бардык бактарды тосуу мүмкүн эмес. Тик түшүүдө өспүрүм ылдамдыктын көзөмөлүн жоготуп койгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 12-январда Караколдогу тоо лыжа базасында Казакстандан келген 12 жаштагы өспүрүм карагайга урунуп каза болгондугу кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.