Поэтерапия: "Алып салса жүрөгүмдү эгерде, Аял затын боорум менен сүймөкмүн"
Эх.
Эрким жетпей кол сунууга өзүңө,
Капилеттен көздөр калса кезиге.
Кызгануумду жашырамын а бирок
Эх сезимдер, эх жүрөктү эзүүдө.
Бактылуусуң бакыт багың көктөптүр,
Бакыт издеп сыяланды көп дептер.
Унутулуп баары бүтмөк бул күндө,
Бирок дале кызганычым өчпөптүр.
Үмүт менен күтөм жакшы күндөрдү,
Унуткансып кетем кээде күлгөндү.
Көрүп анан көңүл кантип соо жүрсүн,
Кол кармашып алар чогуу жүргөндү.
Көңүл даабай жакын барбай жаныңа,
Тиктей албай, карай албай көзүңө.
Кымгуут болуп калбас эле дүнүйөм,
Калбаганда мен өзүңө кезиге.
Карт сыйрыдың , баарын салып эсиме,
Кайдан келип калдың мага кезиге.
Шарпылдап көк деңиздин толкундары,
Тынчтыктын өкүмүнө каршы чыгат.
***
Жан экенсиң , мөлтүр, таза булактай,
Арууланткан жан дүйнөмдү кирдеген.
***
Себелеп тээ бийиктен жамгыр жааса,
Сени ыйлап жатабы деп чоочуй берем.
***
Алып салса жүрөгүмдү эгерде,
Аял затын боорум менен сүймөкмүн.
***
Ай жамынган жайдын салкын түндөрү,
Сен жанымда болушуңа көз жетпейт,
Тереңдикке көз жетпеген сыяктуу.
***
"Кызым жок"- деп кайгырбаңыз апа көп,
Буюруса келет төрт кыз сизди "апа" - деп.
***
Бактылуу күндү көрүп дагы нечен,
Бакытка балкытайын макул десең.
***
Кайда кеткен шайырдыгым, шоктугум,
Кайгыга салат эстүү жаным жоктугуң.
***
Сүйөмүн...бирок сенден кетет окшойм,
Күүгүмдө күн уяга баткан сымал.
***
Чөптөр дагы сагынуудан бозоруп,
Чымчыктар да сагынычтуу үн катат.

Ак көйнөгүң кечки желге желбиреп,
Ай жамалың азаптарды жеңдирет.
Ай нурунда ууртуңдан жылмайып,
Ал ансайын чакырасың келчи деп.
Жандап желди, жаңсап колду акырын,
Жыпар жытың алкымыңда буркурайт.
Баскан сайын, күттүрбөстөн шилтеп кол,
Каңшар жарып, мурун көздөй жыт урат.
Улук чачың желге ойноп жайкалып,
Аруу сезим көздөрүңдөн байкалып.
Чокту басып жалын кечип сен үчүн,
Жүрөгүңдө калгым келет жай салып.

Көздөрүң ахх, кетет жанды балталап.
Ширин сөзүң жаз чакырып сезимге,
Токтоп калган жүрөгүмө жан салат.
Көз карашың жүрөккө бүлүк салып,
Сен тарапка ойлорум күлүк минет.
Бактыма сен жаралып калган үчүн,
Агатайың жайдары, күлүп жүрөт.
Арбалып бир өзүңдү сүйүп жүрөт.


1 |