super.kg logo
  Спорт  

Мирбек Сүйүмбаев, кикбоксчу: "Федерация ичиндеги алдамчылыктан улам Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калдык"

 

Кыргызстандык кикбоксчулар Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна федерациянын ичиндеги алдамчылыктан улам катыша албай калды. Бул тууралуу кикбоксчу Мирбек Сүйүмбаев билдирет. Айтымында, Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 18 спортчу катышмак. Алардын 12си Кикбокс федерациясына аталган мелдешке катышуу үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен 3500 доллар чогултуп беришкен, калган 6 спортчуга башкы машыктыруучу Александр Воинов өзү төлөмөк болгон. Чогултулган сумманын ичинде жатакана, авиабилет баары кирет деп айтылган экен. Федерациядан спортчуларга Бишкек-Стамбул-Сан-Паулу багыты боюнча билеттер даярдалганын айткан. Бирок мелдешке аттанар алдында учууга билеттер Бишкектен эмес, Алматыдан алынганы белгилүү болуптур. Александр Воинов болсо каражат тапса барарын айткан.  

 

18 кикбоксчу Алматыга барганыбызда эч кандай билеттер даяр эмес болуп, кайрадан Бишкекке келдик. Федерацияга кайрылсак, билеттер убагында алынбаганына Түркия тарап күнөөлүү экенин, акчалар билеттерди алдын ала алуу үчүн Талант Сүйүмбаев аттуу жигитке өткөрүлүп берилгенин айтты. Спортчулар билеттерди талап кылып, Түркияга барууга даяр экенин айтып, ал жакка бардык. Бизди Талант Сүйүмбаевдин достору тосуп, жатаканага жайгаштырды. Талант Сүйүмбаев өзү жок экен. Стамбулда бизге алынган билеттер баасы 1700 доллар турган Стамбул-Сан-Паулу багытында эмес, 70 доллар болгон Стамбул-Анкара багытына алынганын билдик. Талант Сүйүмбаев менен байланышсак, эч кандай акча ала электигин, акча КРнын Кикбокс федерациясында экенин айтты.  

 

Кыргызстандык спортчулар толук курамы менен Түркияда каржысы жок калып, жардам сурап Стамбулдагы кыргыз элчилигине кайрылсак, 2 күнгө жатакана таап беришти. Андан кийин Талант Сүйүмбаевдин тууганы 12 спортчуга Бишкекке билет алып берди. Бишкекке келип Александр Воиновдон акчабызды сурасак, "акча менде эмес" деди. Кайрадан Талант Сүйүмбаев менен байланышсак, кечирим сурап, акчаны кайрып берерин айтты. Бир апта өттү, акчабызды кайтара элек. Эң башкысы, Кыргызстан үчүн медаль алууга мүмкүнчүлүк болгон Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калдык”,- дейт Мирбек Сүйүмбаев.                

                 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.10.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай адамдардын жазасын беришкерек.
04.10.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куурап калсын алдагандар чирип кеткиле Воиновун кошуп
04.10.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул не деген наадандык? Жонокой адамдарды алдашсын. А мамлекеттин атынан дуйнолук чемпионатка бараткан патриот жарандарыбызды жон койсо, тешиктери бутолбой калмак беле чондордун.
06.10.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушунчада болбой калдыкпы жинин келет просто ушу спортчуларды алдабай эле койбойбу ,акчадан олойун деп калыштыбы ,ажыга барабыз десе деле акчаны жеп койду деп атат бир бирин куноолошуп журот ,ушундайда болот экен
07.10.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiltim, туура айтасын, ажылык сапардын акчасын жегендер спортчулардын акчасын жон эле жешет да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: