Курсан Асановдун жубайы инсульт алып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Ал УКМКга сурак берүүгө барган
Курсан Асановдун жубайы Кульнара Усенканованын УКМКда сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"УКМКга сурак бергени барган. Мен бара албай калып, жактоочум менен кирейин десе болбоптур. УКМКда 1 сааттай болуптур, ичинде эмне болгонун мен билбейм. Өзүн жаман сезип жаткандан улам ал жактын кызматкерлери "Тез жардам" чакырып, ооруканага жеткирилиптир. Инсульт алып, улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн Курсан Сатарович айтты",- деди Токтакунова.
Эске салсак, буга чейин президенттике талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип, УКМКга суракка чакырылгандыгы боюнча маалымат тараган. Кийин аны Курсан Асановдун жубай экендигин айрым маалымат булактары жазып чыгып, адвокат Таалайгүл Токтакунова бул боюнча да өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган.


Ден соолук берсин
алдыңарбы, алдадыңарбы - жооп бергиле!!!
кайдан силердин балдарыңар 200 000 долларлык сааттарды тагынып жүрүшөт??