УКМК Курсан Асановдун жубайы сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат таратты
УКМКнын басма сөз кызматы Курсан Асановдун жубайы Кульнара Усенканованын УКМКда сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат таратты.
"Тергөө иш-аракеттери башталганга чейин ал өзүн жаман сезип, натыйжада дарыгерлер чакырылган. Дарыгерлер Усенканованы текшерилүүгө жөнөтүшкөн. Ал борбордогу медициналык борборлордун бирине жеткирилип, текшерүүдөн кийин ага стационардык дарылануу сунушталган. Учурда ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин президенттике талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип, УКМКга суракка чакырылгандыгы боюнча маалымат тараган. Кийин аны Курсан Асановдун жубайы экендигин айрым маалымат булактары жазып чыгып, адвокат Таалайгүл Токтакунова бул боюнча да өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган.







1 |