"Иш бөлмөмдү бошотпойм" деген мурунку акыйкатчы жаңы шайланган акыйкатчы менен сүйлөшүү жүргүзүүдө
Бишкекте бүгүн, 4-октябрда мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун менен жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүүдө. Жолугушуу акыйкатчынын иш бөлмөсүндө уюштурулуп, ага 4 киши катышып жатат. Бакыт Аманбаев менен Турсунбек Акундан башка ал жерде Акундун тарапташы жана коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов да бар.
Эске салсак, кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айткан Акун 16-сентябрдан бери ачкачылык кармоону улантууда. Жаңы акыйкатчы да мыйзамсыз шайланганын жар салган ал "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишине катыштыгы бар аткаминерлер кызматтан бошотулмайынча артка кайтпайм" деп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

