Депутат ИИМдин өкүлүнө "Кыргыз өлкөсүнөн уурдалган унаа чет өлкөдөн табылса, ээсине кайтарылабы?" деген суроо берди
Кечээ, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КМШ алкагында автотранспорт каражаттарын уурдоого бөгөт коюу маселеси каралды.
Анда депутат Айнуру Алтыбаева "Кыргыз өлкөсүнөн уурдалган унаа чет өлкөдөн табылса, ээсине кайтарылабы?" деп суроо берди.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мындай учурлар жаралган жагдайда ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөргө чара көрүү менен 1 жыл ичинде ээсине кайтарылып берилерин белгиледи.
КМШ катышкан мамлекеттердин укук коргоо органдарынын шериктеш өлкөлөрдүн аймагында уурдалган унаалар жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуу жолу менен автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mirlanpiter

14.01.2021. 09:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандагы автоунаалар кошуна мамлекеттер үчүн эч кандай кызыгуу жаратпайт,,, мисалы техникалык абалы начар жолдордун айынан ,.. анекдот бар Ауди Мерседес Германияда туулуп Кыргызстанда өлөт деген
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.