super.kg logo

Ноокатта 16 жаштагы кызга нике кыйган молдо 3 жылга эркинен ажыратылды

 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында айылдын имамы жашы жете элек 16 жаштагы кызды документин карабай, 18 жашка толгонун сурабай жана нике китепке каттабай нике окуган деп айыпталып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Себеби айыпталуучу молдо жабырлануучунун жаш курагына жете электигин сурабай туруп, нике окуган. Өкүм жогорку соттун расмий сайтына 11-январь күнү жарыяланды.

Айыпталуучу молдо тууралуу:

Молдо 34 жаштагы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында туулган, учурда Жандама айылында жашайт. Улуту өзбек, билими орто, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес, Кыргыз жараны.

Окуянын чоо-жайы:

Айыпталуучу имам өзүнүн айылдашы Жандама айылынын тургуну 1998-жылы туулган М.М. менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну жашы жете элек 16 жаштагы М.Н.нын 18 жашка толгон же толбогонун сурабай жана аты-жөнүн тастыктоочу паспортун карабай нике окулуучу китепке каттабай никесин окуган.

Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алган

Соттук отурумда айыпталуучу имам күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, иш боюнча айтып берген. Анда октябрь айларында кошунасынын баласы үйлөнүп үлпөт тою болуп жатканын, ошол күнү тойдо кызмат кылып жүргөнүн кечинде үйгө кирип жатканда ага артынан кошунасы келип уулу менен келининин никесин окуп бер деп суранганын айтканын, ал никелерин окуганга макул болуп окуп бергенин айтып көрсөтмө берген.

Жабырлануучу имамдын күнөөсү жок деп эсептейт

Соттук отурумда жабырлануучу Н.М. аттуу өспүрүм окуя боюнча айтып, анда 9-май күнү майрамды чоң энесинин үйүнө барып тосконун, ошол күнү Сахаба эс алуучу жайына барышканын ал жерде кыдырып жүргөн кезде ошол эле айылдын тургуну менен таанышып калганын, аны менен телефон аркылуу байланышып жүрүшкөнүн, бала үйдөгүлөр үйлөн деп жатканын айткан. Кийин бала ата-энесин ага жибергенин, алар макулдугун беришип той болгон күнү ошол эле айылдын тургуну имам келип алардын никесин окуганын, кийин имам кыздын жашы жете элек экенин билгенин, анын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып көрсөтмө берген.

Өкүм:

Бул факты 2020-жылдын 2-сентябрь күнү катталган. Сот айыпталуучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, тараптардын сөздөрүн угуп көрүп чечим чыгарат. Мында келтирилген далилдер бири-бирине каршылыгы жок, бири-бирин толуктап, иштин жагдайларын аныктап турат жана ал далилдерге ишенбөөгө сотто негиз жок.

Тергөө органы тарабынан айыпталуучу имамдын аракети 178-беренеси менен квалификацияланган, башкача айтканда, алардын аракеттери “нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адам, ал эми ошол диний ырым-жырымдарды жасаган жашы жеткен адам болуп саналат.

Бул себептен имамды сот күнөөлүү деп таап 3 жыл эркинен ажыраткан. Айыпталуучуга мунапыс мыйзамы колдонулуп, жазадан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
14.01.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оа да, унчукпай койсо эртен 12 жашта турмушка чыкса болот деп чыгышат акмактар.
Организми толук орчуй элек кыз болсо, андан кандай бала торолот ким билет. Кичине ойлонуп иш кылган жакшыго дейм.
14.01.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
suban78, кыздын ата энесин кошо камаса адилеттүү болмок
14.01.2021. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыз озу таанышып, суйлошуп тийиптир го, молдонун торт баласын ким карайт эми
14.01.2021. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыпталуучуну жазадан бошотулду дейт ко.Штраф салыш керек эле.Ушул кыздарын окупуп ,кичине эл жерди коргозуп анан турмушка узатса болот беле.Эр качып кете тургандай.Туугандар экен да.Азерлер менен озбектерде 17 жаштан закска уруксат ко ээ.Алардын кыздары эрте жетилет окшойт.Ошондой болгон кундо да тирикчиликтин туйшугун тартып кете алабы жаш неме
14.01.2021. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энелерин да соттош керек эле да. Анан кээ бир кыздар айрыкча.туугандар чон көрүнүшөт, билбесе билбеди да. Күнөөнүн баары кыздын ата энесинде, кыргыз болсо алып качып кетти деп баланын ата энесине оодарып салат эле. Штраф салса болмок молдого, эки ата энеге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: