"Кантип?". Tesla автоунаасы бош көрүстөндө адамдын жүргөнүн байкады (видео)
Американын белгилүү Tesla компаниясы чыгарган автоунаа бош көрүстөндөрдүн биринде адамдын жүргөнүн байкады. Мындай видео социалдык тармактарга тарап учурда кызуу талкууга алынууда.
Жарыяланган видеодо унаанын айдоочусу унаанын борттогу компьютерин тасмага тартып жатат. Кандайдыр бир учурда кагылышуудан сактануунун электрондук тутуму монитордо адамдын машинанын жанында турганын көрсөтөт. Кырдаалдын ишенимдүүлүгүн тастыктоо үчүн айдоочу айланасындагы кырдаалды дагы тарткан. Бир нече убакыттан кийин табышмактуу сөлөкөт унаадан кескин алыстап, радардан көрүнбөй калды.
Бул видео учурда интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүк Илон Маск чыгарган бул унаанын электрондук тутуму иштебей калган деп божомолдошууда.
Tesla унаасы адамдын көрүстөндө жүргөнүн байкады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aksy.1989

14.01.2021. 18:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фейк
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.