super.kg logo

Социалдык өнүктүрүү министри: "Баланы багып алуучу үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 18 миң 757 сом төлөнүп берилет"

 

Бүгүн, 14-январда баланы багып алуучу үй-бүлө, анын жол-жоболору тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат. Маалымат жыйынга эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова катышууда.

Багып алуучу үй-бүлө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды камкордугуна алып, тарбия берген үй-бүлө. Багып алуучу үй-бүлө баланы асырап алган үй-бүлөдөн бир айырмаланып, атайын окутулат жана баланы белгилүү бир мөөнөткө мамлекет менен келишим түзүүнүн негизинде багып алат.

Министр Солтонбекова "турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө" деген аталыштагы жаңы жобо иштелип чыгып, ал өкмөттүн токтому менен бекитилгенин айтты.

"Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялоо боюнча камсыз кылуу үчүн балага альтернатива түзүп берүүгө милдеттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет.Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет. Бул балдардын абалы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошондой эле багып алуучу үй-бүлөгө айлык төлөнөт. Учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.

Алсак, баланы багып алуучу үй-бүлөдө баланы камсыздоого бөлүнгөн акча баланын жаш курагына жараша эки жашоо минимумдун өлчөмүндө акы төлөнөт. Багып алуучу ата-эненин эмгек акысы багып алган балдардын жаш курагына, санына жараша төлөнөт. Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы, азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет" , - дейт министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
14.01.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
35 жашка чыга электер багып алганга болбойбу мага акчасынын деле кереги жок
14.01.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол акчаны турмуштан кыйналгандан улам баласын таштаганга аргасыз болгон үй-бүлөгө берсеңер болбойбу? Ошондо баласын таштамак эмес.
14.01.2021. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да буюрса балдарыбызга кошуп бир бала багабыз акча учун эмес акырет учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: