super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов: "Ош шаарынын "фишкасы" - базары"

 
Борбордук базарды минтип шаар ичинен сыртка көчүрүү аракети жүрүп жатат
Борбордук базар 2014-жылы толук көчүрүлө турганы айтылды
Мелис Мырзакматов Жапалак аймактык башкармалыгында аксакалдар менен учурашууда

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы “Жапалак” унаа базарынын курулушунун экинчи этабынын ачылышы болду. Иш-чарага шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов, шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров, вице-мэрлер Алимжан Байгазаков менен Рустам Мирзаматов жана жергиликтүү тургундар катышты. “2014-жылдын аягына чейин борбордук базар Жапалак аймактык башкармалыгына которулат. Кыргызстанга келген бардык чет элдиктер биздин шаарга келип кетет жана биздин унаа базарга кызыгышат, бул биздин "фишкабыз”,- деди шаар башчы. Мындан сырткары, шаар башчысы аталган базардын жанына 30 гектар жерди ээлеген унаа тетиктеринин базары жайгаша турганын кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: