super.kg logo

2 айдан бери эл алдына чыга элек. Миллиардер Жек Манын компанияларын Кытай бийлиги улутташтырабы?

 

Дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири болгон Alibaba`нын негиздөөчүсү, эң бай адамадардын катарын толуктаган Жек Ма 2 айдан бери эл көзүнө көрүнбөй дайыны чыкпай калды. Дүйнөлүк коомчулук Жек Манын өмүрү үчүн тынчсызданып жатканын айтып, маалымат каражаттарында ал тууралуу ар кандай божомолдор жарыяланууда.

Дүйнөгө атагы чыккан Жек Ма эмне себептен эл көзүнөн алыстады?

Жек Ма 2020-жылдын октябрь айында Шанхайда өткөн эң ири бизнес-форумдан кийин эле эл алдына чыкпай дайынсыз болгон. Аталган бизнес-форумдан кийин миллиардердин Кытай бийлиги менен болгон көйгөйлөрү башталган.

Ал аталган форумда каржы көзөмөлдөөчүлөр жаңы инновациялардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын айтып, мамлекеттик банктар күрөөканалардын системиндей эле иштей тургандыгын билдирген. Мындан улам ал тиешелүү тараптар каржы көзөмөлдөөлөрдү реформа кылуу керектигин баса белгилеген.

"Келечекти башкарууга кечээкини колдоно албайбыз", - деген Ма. Кыскача айтканда ал бардыгына жана барына сын айткан.

Форумга чейин эмне болгон?

Жек Манын резонанс жараткан билдирүүсүнө чейин анын Ant Group компаниясы IPO`го чыга тургандыгын билдирген.

IPO - бул акционердик коомдун акцияларын коомчулукка ачык саттуу. Мындан улам компанияга кошумча капитал түшөт.

Дал ошол Жек Ма форумда сөз сүйлөгөнгө чейин акцияларды алгач сатуудан түшкөн каражаттын баасы 35 миллиард доллар түзөрү болжолдонгон. Ал эми жалпы компаниянын баасы 350 миллиард долларга жетмек. Бирок форумдан кийин IPO ишке ашкан эмес. Декабрь айында Кытай бийлиги "Alibaba" компаниясында териштирүү иштерин баштаган.

Азыр Жек Ма каякта?

Форумдан кийин бир да жолу эл алдына чыкпаган Жек Манын жакындары ал азыр Кытайда эле экенин билдиршкен. Чет элдик басылмалар өздүк булактарга таянып Мага өлкөдөн чыкпоо керектиги айтылганын жазышкан. International Bussines Times басылмасынын билдиргенине ылайык Кытай бийлиги Alibaba жана Ant Group компанияларын улутташтырууну башташкан жана ишкердин бардык каражаттары каттуу көзөмөлгө алынган. Миллиардердин жакындары ал азыркы убакта компанияларынын тагдыры кандай чечилерин күтүп жаткандыгын, ошондон улам эл алдына чыкпай жатканын айтышкан.

Жөнөкөй англис тили мугалиминен миллиардерге айланган Жек Манын тагдыры кандай болот деп дүйнө эли көз салып турган чак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз паспортун алып МАМАЙ болуп алсаң.Биздин карызды да төлөп коймоксун сага да жакшы бизге да жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: