super.kg logo

Япония коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу өлкөгө кирип-чыгууга тыюу салды

 

Япониянын бийлиги 7-февралга чейин чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Ёсихидэ Суга билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн чек араларын жабуу чечимин кабыл алууга Улуу Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммы себеп болгон.

"Бизнес максатында 11 өлкөгө барып келгендердин арасында коронавирустун жаңы штаммы аныкталган жок. Бирок өлкө ичиндеги кырдаалга байланыштуу жана Бразилиядан келген бир жарандан жаңы штамм аныкталгандыктан өзгөчө кырдаал режими аяктаганча, 7-февралга чейин, виза берүүнү токтотуп туруу чечими кабыл алынды", - деп билдирген премьер-министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Япониянын бийлиги 28-декабрдан январдын аягына чейин бардык өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза берүүнү токтоткон. Бирок бизнесмендер менен бизнес-делегацияларга 11 мамлекетке жана Азиянын Кытай, Түштүк Корея, Таиланд, Вьетнам, Сингапур жана Малайзия сыяктуу өлкөлөрүнө кирип-чыгууга уруксат берилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: