super.kg logo

Твиттер жана Фейсбук Дональд Трамптын аккаунттарын жаап салгандан кийин 51 миллиард доллар чыгымга учурады

 

Твиттер жана Фейсбук компаниялары Дональд Трамптын аккаунтун жаап салгандан кийин эки күн ичинде 51 миллиард доллардан ашуун рыноктук баасын жоготту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки платформа тең АКШнын президенти Дональд Трамптын аккаунттарын жаап салышкан учурда инвесторлор каршылыгын билдиришкен.

"Компаниялар мындай абал социалдык тармактын колдонуучуларын жоготууга алып келиши мүмкүн деп коркушат. Акционерлер акцияларын сатышкандыктан Фейсбук компаниясынын акциялары 11-январда 4 пайызга, 12-январда дагы 2 пайызга төмөндөгөн. Ал эми Твиттердин акциялары ушул эле убакта 6 жарым пайызга, кийин дагы 2 жарым пайызга төмөндөгөн. Фейсбук эки күндүк соодасынын капиталдаштыруусу 8-январга салыштырмалуу жалпы 47,6 миллиард долларга азайган", - деп жазылат маалыматта.

13-январга карата Фейсбуктун базар баасы 715 миллиард 2 миң долларды, Твиттердин базар баасы 47 миллиард 7 миң долларды түздү.

Белгилей кетсек, президент социалдык тармактагы баракчалары аркылуу демонстранттарга ар кандай үгүттөөгө алып келген одоно чакырыктарды жасады деген жүйө менен Твиттер жана Фейсбук компаниялары Трамптын аккаунттарын белгисиз мөөнөткө жаап салышкандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: