Кенияда коронавирустун 16 түрү табылганы айтылды
Кениянын медициналык илим-изилдөө институтунан аталган өлкөдө өткөн жылдын июнь айынан октябрга чейин коронавирустун 16 түрү тарады деген бүтүмгө келишкендигин билдиришкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, ар түрдүү вирустардын тарашы боюнча шектенүү кеминде сегиз округда жашаган 200 кишинин анализдерин алып изилдегенде чыккан.
"Аталган өлкөдө коронавирустун мутацияланган 20га жакын түрү айланып жүрүшү мүмкүндүгү, алардын төртөө пандемиянын башында, тагыраагы март айында табылган. Ал эми азыркы учурда Кенияда коронавирустун жаңы жугуштуу түрү "британиялык" жана "Түштүк америкалык" штамптарынан айырмаланат. Мындай жагдай эксперттерди сарсаанага салып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, декабрь айынын аягында Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү (британиялык штамп) демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылганы айтылган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кенияда 98 миңден ашуун жаран илдетке кабылса, 1 700дөн ашык бейтап көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Nuryk00

14.01.2021. 18:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин давление кылып олтурушот экенда!
Jelezo

14.01.2021. 18:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90 миң адам жашаган жерде 2миң адам өлгөн табигый көрүнүш элди психологиялык жактан коркутуп өлтүрүп жатышат.
Egizderim-baktim

15.01.2021. 00:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажатты ушу вирус изилдебей кормоксон болуп коюсша да, эл мурдагыдай тирилик кылыш а.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.