Кыргыз өлкөсүндө эң эле кызыктуу, табышмактуу, сырдуу ары таң калыштуу жаратылышка ээ болгон жерлер аз эмес.
Мына ошол табышмактуу жерлердин бири Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Ара-Көл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1 жарым туурасы 1 километр. Суусунун көлөмү 3 миллион метр куб. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат. Мындай схемага Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдөр да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып, балык кармагандар да болот. 1980-жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип, космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен. Бул жерге өзгөчө кышкысын муз үстүндө коньки тээп, сүрөткө түшүп эс алууга келгендер көп болот.