Чокоевдин чуулуу долбоору: Курмангазы Азыкбаев, Илим Карыпбеков, Нурзат Токтосунова жана жарандык активист студияда талкууда
Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.
13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Желдей тараган маалыматтан кийин жөнөкөй жарандан тартып, аттуу-баштуу инсандар дагы караманча каршы пикирлерин билдирип чыгышты. Ал арада министрликтин жогорудагы көрүп жаткан чарасын колдогондор да болду. Бүгүн, 14-январда дал ушул теманын алкагында студиябызга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев, алып баруучу Нурзат Токтосунова, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков жана коомдук активист Кубанычбек Баялиев келип, жеке пикирлерин ачыкташты. Пикирлер бир тараптуу болуп калбашы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өкүлдөрдү чакыруу аракетибизден майнап чыккан жок.
Программанын жүрүшүн толугу менен видеодон көрүңүз.

