1 суткада 4470 адам. АКШда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстү
АКШда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 1 сутка ичинде аталган илдеттен каза болгондордун саны 4470 адамга жетип, пандемия учурундагы рекордду жаңылаган.
"Көпчүлүк ооруканалар толгон, бейтаптар коридорлордо жатышат. Дарыгерлер дем алышсыз иштөөдө. Саламаттыкты сактоо тармагы ковидден башка оорулардын да күчөшү күтүлүп жатканын айтып, оорулардын алдын алууга камданып жатышат", - деп айтылат маалыматта.
АКШ бийлиги жакында өлкөгө кирген жарандар короновируска тест тапшырууну милдеттендирген чечим кабыл алган. Өлкөдө 22 миллион 800 миң адам ковид дартына кабылса, 387 миң адам каза болуп, бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө 1-орунда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.