super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Тапшырган паспортум келбей, шайлоого катыша албай калдым" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылды. Айтымында, ал 19-декабрда Ноокат шаарындагы паспорт столго келип, паспорт алуу үчүн документ тапшырган. Бирок азыркы күнгө чейин анын тапшырган документи келбей, жаран шайлоого катыша албай калган.

"Мен 19-декабрда паспорт алуу үчүн керектүү документтерди тапшыргам. Ал жерде иштегендер мага паспортум шайлоого чейин келет деп кепилдик беришкен. Тапшырган паспортумдун келбегенинен улам шайлоого да катыша албай калдым. Кайра-кайра чалып, келеби деп үмүт кылдым, бирок келген жок.

Чалсам алышпайт, алса кекетип сүйлөшөт. Алардын бири "паспорт чыгарган заводум болгондо, сага биринчи берет элем" деп кайра мени күнөөлөдү. Аларга чала берип чарчап, акыры силерге кайрылууну туура көрдүм. Мени менен кошо бир шеригим кошо тапшырган, ал да паспортун ала албай жүрөт. Мамлекеттик кызматта иштегендер биздин маселеге кайдыгер карабаса", - деди окурман.



Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: