Токмокто уурулук менен мурда соттолгон 15тен ашуун жаранга профилактикалык иштер жүргүзүлдү

2021-жылдын 13-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын аймагында уурулукту алдын алуу үчүн рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Бул иш-чаранын максаты көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жеке мүлктөрүнө сак болууга чакыруу жана батир уурулуктарын алдын алууга багытталган. Жогорудагы рейд иш-чарасына Токмок ШИИБинин криминалдык милиция кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринен 60тан ашуун кызматкерлер тартылган.
Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жана активдери менен жолугушуп, кылмыштарды жана батир уурулуктарын алдын алуу үчүн дайыма өздөрүнө сак болууга чакырышты. Эгерде кандайдыр бир шектүү кишилер пайда болсо же алардын кыймыл-аракеттери шектенүүлөрдү жаратса дароо "102" телефон номерине же милициянын аймактык тескөөчүсүнө кабарлоо зарыл экендиги эскертилди.
Андан сырткары шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишеним номерлери жана аймактык тескөөчүлөрдүн номерлери жашоочуларга таркатылды. Рейд учурунда мурда соттолгон 15тен ашуун жаранга профилактикалык иштер жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

