Фостердик үй-бүлө. Убактылуу ата-эне болуш үчүн кандай шарттарды аткарыш керек? Жооп

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды интернаттарга эмес, фостердик үй-бүлөгө тарбияланууга берүү практикасын жүргүзүп келет. Аталган программа Кыргыз өлкөсүндө 2014-жылдан бери иштеп келет. Бул жөнүндө жобо өкмөт тарабынан бекитилген. Аталган жобого өзгөртүүлөр киргизилгенин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирген.
Анда министр айым багып алуучу үй-бүлө жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берди.
Фостердик үй бүлө - бул мамлекеттен акы алып баланы караган үй-бүлө.
Багып алуучу үй-бүлө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды камкордугуна алып, тарбия берген үй-бүлө. Багып алуучу үй-бүлө баланы асырап алган үй-бүлөдөн бир айырмаланып, атайын окутулат жана баланы белгилүү бир мөөнөткө мамлекет менен келишим түзүүнүн негизинде багып алат.
Асырап алуучу үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар асырап алып жаткан баласына фамилиясын беришет. Бала толугу менен документ жүзүндө асырап алуучулардын карамагына өтөт.
Багып алуучу үй-бүлөгө төмөндөгүдөй шарттар коюлат:
- Багып алуучу үй-бүлө мамлекет менен келишим түзөт, анын негизинде айлык алат;
- Багып алуучу үй-бүлө балага убактылуу гана ата-эне болот;
- Багып алуучуларда тарбияланып жаткан баланы башка үй бүлө асырап алса болот;
- Багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандар зарыл документтер менен райондук башкармалыктарга кайрылышы керек;
- Багып алуучу үй-бүлө 5 балага чейин багып алса болот;
- Багып алуучу ата-эненин жашы 35 тен 65 жашка чейин болушу шарт;
- Багып алуучу ата-энелердин балдарды ыңгайлуу атмосферада тарбиялоо үчүн турак-жай шарттары болушу керек;
- 3 жашка чыга элек баланы багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүүдө жубайлардын бири толук иштебеген болушу керек;
- Бир тууган балдар бир багып алуучу үй-бүлөгө берилет;
- Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурда алдын алуу максатында багып алуучу ата-эне психологиялык баалоодон өтөт;
- Багып алуучуларга өтүлгөн окуунун жыйынтыгында сөзсүз түрдө баалоо, тестирлөө жүргүзүлөт;
- Окууну ийгиликтүү өткөн жарандар багып алуучу ата-эне болууга талапкер болушат;
Багып алуучу үй-бүлөлөрдө төмөнкү категориядагы балдар жайгаштырылат:
- Жетим балдар;
- Ата-энелери ата-энелик укугунан ажыраган балдар;
- Ата-энелик укугу чектелгендердин балдары;
- Балдардын ден соолугуна коркунуч келтире турган үй-бүлөдөн алынган балдар;
- Сексуалдык зомбулукка кабылган балдар;
- Ата-энеси өзү тарбия берип бага албаган балдар;
- Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

