super.kg logo

"Туристтик потенциалды өнүктүрүү боюнча иш алып баруудагы мамилени өзгөртүү зарыл" дейт премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Артём Новиков белгилегендей, коронавирус инфекциясына байланыштуу абал өлкө экономикасына, өзгөчө, туристтик тармакка күчтүү таасир этти жана чоң зыян келтирди.

"Аймактардагы көптөгөн туризм объектилери кредиттик каражаттардын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө экономикалык ишмердүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу туризм жаатындагы кичи жана орто бизнес өкүлдөрүндө кыйынчылыктар жаралды. Алар COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин басып өтүү боюнча белгилүү колдоого муктаж болууда", - деди ал.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайларга ээ болгон башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүүгө багыт алуусу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков туризм тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы жана Туризм тармагындагы ченемдик базаны мамлекеттик жөнгө салуу, калыбына келтирүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча план иштелип чыккан.

Премьер-министрдин милдетин белгилегендей, жылдан-жылга пландар жазылганы менен алар иш жүзүндө ишке ашырылбай келет.

"Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу. Жылына 10 миллион сом киреше алып келген "Витязь" пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген соң чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, башкалар менен катар тийиштүү механизмдерди жана чечим долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле ишке болгон мамилени өзгөртүү керек", - деди премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2021-жылдын 1-февралына карата туристтик потенциалды, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттин менчигиндеги рекреация объектилерин башкаруу боюнча документтердин жана ченемдик-укуктук актылардын пакетин даярдоосу жана өкмөттүн аппаратынын кароосуна киргизүүсү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: