Ош. Шаарда “Бир дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалы башталды
Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында эл аралык “Бир дүйнө – Кыргызстан” кино фестивалы башталды. Фестивалда адам укуктарын камтыган 10го жакын тасма тартууланат. Көрүүчүлөр тасмаларды көрүп эс алуу менен бирге укуктук маданиятын да жогорулатышат. Ошондой эле фестивалга катышкан тасмалар адамды туура жашоого, эс алууга, адамдарды басмырлабоого үгүттөйт. Көрүүчүлөр кыргыз жана орус тилдериндеги тасмаларга күбө болуп жатканын облустук Кинодирекциянын жетекчиси Адылбек Сарыбаев билдирди. Ал ошондой эле фестивалда Июнь окуясына айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров тууралуу тасма көрсөтүлбөй турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

