super.kg logo

Өткөн жылы республика боюнча 15 миңден ашуун түгөйгө нике кыйылды

 

Өткөн жылы республика боюнча Муфтият тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 15 миң 119 үй-бүлө катталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Нике каттоо журналына каттоодо имамдар никеге туруп жаткан жубайлардын өздүгүн тактоочу паспортторун талап кылат жана мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу жөрөлгөсүн жүргүзөт.

Эскерте кетсек, нике каттоо журналы муфтий Максатбек Токтомушевдин 2016-жылдын 21-ноябрындагы буйругунун негизинде иштелип чыгып, 2019-жылдын 12-июнунда ишке киргизилген. Шарияттык нике каттоо журналы бир гана Муфтияттын түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлерине атайын окутуудан өткөндөн кийин гана тапшырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: