super.kg logo

Жалал-Абадда Түштүк Кореянын үч жараны балдарга таттуу тараткан. Бул боюнча териштирүү башталды (видео)

 

Жалал-Абад шаарында балдарга таттууларды таратып жаткан Түштүк Кореянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"14-январда нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын 40 жаштагы И.Д. аттуу тургуну кайрылып, Птица-Фабрика кичи шаарчасында чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн балдарга таттууларды таратып жаткандыгын кабарлаган. Жерине тергөө-ыкчам тобу таттууларды таркатып жаткандар Түштүк Кореянын 3 жараны экендиги аныкталып, алардын аты-жөнү такталган.

Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүдө: алар 2021-жылдын 10-январында өлкө аймагына турист катары эс алып, көрүп кетүү үчүн келишкендигин жана 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика участкасына барып кыдырып, жер көрүп жүргөн учурда ал жерде ойноп жүргөн балдарга өздөрү колунда көтөрүп жеп жүрүшкөн шириндик-таттуулардан берип ойнотушкандыгын, алардын оюнда эч кандай жамандык болбогондугун билдиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 126-берененин (Сапаты начар тамак-аш азыктарын сатуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Корея улутундагы атуулдардан алынган 10 даана таттууларга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.






Жалал-Абадда жаш балдарга таттуу тараткан Түштүк Кореянын жарандары кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.01.2021. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ушинтип туристерге дагы жаман коргозот экенсинерда корбогондун коргону курусун болуп
15.01.2021. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
munarbek.92,Ооруп калса эмне кыласынар?
15.01.2021. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
munarbek.92, Туура айтасын. Видеого тарткан автор натуре айбан экен. Кореяда мыйзам биздикине караганда 100 эсе жакшы иштейт.Туристи террорист корбогуло.Мынчалык жапайы болбош керек. Туштук Кореяга баргам,алар бироонун баласын деле козуно жакшы корунсо колундагысын берип эркелетип керек болсо суротко тартып кете берет. Корейлердин маданияты башкача.
15.01.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи ошол берип жаткан таттууларды текшерип анан ызылдаш керек. Чын эле жаман ою жок эле кичине балдарды жакшы корушконунон бергендир. Биз деле сыртка чыкканда кыдырып жүрүп балдарды көргөндө акча же таттуу берип коёбуз го ошондой эле эмеспи мени жаман көрбөгүлө жеке менин оюм бул
15.01.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nursul,сиздин оюңуз деле туура. Бирок азыркы кырдаалда коркпой коюуга болбой го. Коронавирус күчөп турган маалда.
15.01.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да конфет беришкен болчу 3 жыл мурун.Эчтеке болбодукго кудай сактасын.
15.01.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи конфетти текшерип анан ызылдабайлыбы туугандар.Балдарды жакшы көрүп бергендир мүмкүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: