Салмагы Манаска тете уул төрөлдү. Караколдо 6 килограммдан ашык салмакта ымыркай жарык дүйнөгө келди
Кечээ, 14-январь күнү эртең менен саат 10:30да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында салмагы 6 килограмм 640 граммга жеткен уул бала төрөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору билдирди.
Маалыматка ылайык, наристе 38 жаштагы келиндин бешинчи баласы. Ал Каракол шаарынын тургуну.
"Ымыркай кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы", - деп билдирди облустук координатор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
6

Тамаша