Казакстан өкмөтү отставкага кетти

Казакстан өкмөтү парламенттик шайлоодон кийин отставкага кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарында айтылат.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кетиши керек.
Казакстанда 10-январь күнү парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгы менен "Нур Отан" партиясы (71.09%) "Ак Жол" Демократиялык партиясы (10,95%) жана Казакстандын Элдик партиясы (9,10%) алдыга озуп чыгып, жеңүүчү аталган. Эми парламенттик көпчүлүк кайрадан өкмөттүн курамын аныктайт.
Өкмөттүн ыйгарым укуктарынын отставкасы анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары да токтотулгандыгын билдирет. Жаңы министрлер кабинети бекитилгенге чейин премьер-министр дагы, министрлер дагы өз милдеттерин аткарып турмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.