super.kg logo

Интернет колдонуучуларын күлкүгө салган Алёнушканын эстелиги аукционго коюлду

 

Орусиянын Воронеж облусундагы Новая Аленовка айылынын түптөөчүсү Алёнкага арналган эстелик аукционго коюлду. Анын баштапкы баасы - 1 миллион рублду түздү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Алёнушка аталышындагы искусствонун уникалдуу чыгармасы сатылууда. Бул объекттин даярдалган материалы: металл. Өндүрүлгөн күнү - 2020-жылдын 28-сентябры. Сатылуу 15-февралда англис тилиндеги ачык аукцион түрүндө өтөт. Катышуу үчүн билдирүүлөр 14-январдан 11-февралга чейин кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, эстеликтин салтанаттуу ачылышы 18-декабрда болгон. Бул жылы Новая Аленовка айылынын негизделгенине 250 жыл болгон. Уламышка ылайык, 250 жыл мурун Аленка жашоо үчүн жер издеп жүрүп, айыл негизделген жээктен кооз жер тапкан. Көп өтпөй кыз каракчылар тарабынан өлтүрүлүп, айыл баатыр кыздын атында аталып калган дешет. Аталган айылдын ордунда учурда Нововоронеж шаары орун алган.

Буга чейин аталган эстелик социалдык тармактарда резонанс жаратып, көпчүлүк колдонуучулардын сынына кабылган. Айрымдар аны коркунучтуу десе, айрымдар күлкүсүн жашырышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: