super.kg logo
  Спорт  

2020-жылы кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде 109 медаль утушту. Кайсы мелдештерде?

 

Былтыр, 2020-жылы кыргыз спортчулары 61 эл аралык мелдештерге жөнөтүлүп, 109 медаль утуп келишкен. Анын ичинен: 27 алтын, 31 күмүш жана 51 коло. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маанилүү эл аралык спорттук мелдештер:

- 2020-жылдын 29-февралынан 13-мартына чейин Амман шаарында (Иордания) бокс боюнча Азия чемпионаты өттү;

- 2020-жылдын 16-24-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өттү. Ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль утуп алышкан (2 күмүш, 3 коло), эркин күрөш боюнча 4 медаль утуп алышкан (2 алтын, 2 коло), кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 2 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 1 коло);

- 2020-жылдын 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө Кубогу өттү, ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 3 медаль (1 алтын, 2 коло), эркин күрөш боюнча 2 коло, аялдар күрөшү боюнча 3 медаль (2 алтын, 1 бронза) утуп алышкан.

- 2020-жылдын 3-9-ноябрь күндөрү Нови Сад шаарында (Сербия) самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү, биздин спортчулар самбо боюнча 2 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 1 коло), күжүрмөн самбо боюнча 4 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 3 коло);

- 2020-жылдын 11-13-декабрь күндөрү Казань шаарында белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ата мекендик спортчулар 17 медаль утуп алышкан (2 күмүш, 15 коло);

- 2020-жылдын 17-20-декабрь күндөрү Москва шаарында самбо боюнча Дүйнө Кубогу (А.Харлампиев мемориялы) болуп өттү. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча 12 медаль (5 коло), күжүрмөн самбо боюнча 7 медаль утуп алышкан (3 күмүш, 4 коло).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: