super.kg logo

Баткен облусунда 1000ге жакын адам мамлекеттен жеңилдетилген насыя алды

 

Баткен облусунда 1000ге жакын адам мамлекеттен жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл сайын мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя алган жарандардын катары көбөйүп жатат. 2019-жыл ичинде облуста мамлекеттен 547 ишкер 193 миллион 353 миң сом насыя алган болсо, 2020-жылда бул көрсөткүч эки эсеге өскөн.

2020-жыл ичинде, жалпы облус боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер, мамлекетен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.

"6 пайыз, 10 пайыздан берилген насыялар, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъекттерин каржылоого берилди. Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен 41 миллион 192 миң сомго, лизингге техникаларды алышкан. Багбанчылык үчүн 103 ишкер, 43 миллион 275 миң сом, мал чарбасы үчүн 772 ишкер 310 миллион 25 миң сом насыя алышкан. Ошондой эле 10 ишкер, 18 миллион 500 миң сом кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин башташкан", - деди маалдымат катчы.

Белгилей кетүүчү нерсе, мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында, жарандарга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча КР Өкмөтү тарабынан 2021-жыл үчүн каржылоо башталганга чейин, жеңилдетилген насыя алууну каалагандар, азыртан аталган банкттарга барып, адистерден кеңеш алуу менен, кезеке турса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: