Футболчу Айзар Акматов "Дордой" клубуна кайтып келди
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын коргоочусу Айзар Акматов бишкектик "Дордой" футболдук клубуна кайтып келди. Маалыматты SUPER.KG порталына "Дордой" клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев тастыктады.
"22 жаштагы коргоочу биздин клубдун бүтүрүүчүсү. "Дордой" менен ал 2019-жылдагы сезондо 32 оюнга чыгып эки гол киргизген. Айзар өткөн сезонду бишкектик “Алга” клубунда өткөрдү. "Дордойдо" Айзар 34-номерде ойнойт", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.