super.kg logo

Ысык-Көлдө мал багуучу жарандарга уурулардан сактануу боюнча иш-чаралар өтүлүүдө

 

Ысык-Көл облусунун тургундарын мал уурулукту болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча кеӊири малымдоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан масштабдуу эскертүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Балыкчы жана Каракол шаарларында, ошондой эле Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондорунда милициянын көчмө кабылдамалары менен милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте ар бир калктуу пунктарда болушуп, мал ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Талдоо көрсөткөндөй, кылмыштын ушул түрүнүн орун алышына негизги себеп болуп, мал ээлеринин жандыктарына тийиштүү көзөмөл жүргүзбөстүгү. Көп учурларда малдар жайыттарда кароосуз калууда, мал сарайлары тийиштүү деӊгээлде жабдылбайт. Мындай кенебестиктин бардыгы мал уурулука алып келүүдө.

Алып айтсак, өткөн 2020-жылда облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн сотко чейинки өндүрүшүндө 120 иш болуп, 76 иштин бети ачылды. Жайыттардан 48 жолу мал уурдалса, мал сарайдан 57 учуру катталган. Мал уурулуктун кесепетинен мал ээлери 6 миллион 610 миӊ сомго зыян болсо, көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында 5 миллион 221 миӊ сом мал ээлерине кайтарылып берилген.
Жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин өткөрүү мезгилинде, милиция кызматкерлери мал ээлерине жандыктарына өзгөчө көнүл буруу керек экендигин эскерттебиз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.01.2021. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарандардын кенебестигинен уурулар кучоп жаткан жок да. Мыйзам катуу иштегенде тоок уурдагандан да коркот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: