super.kg logo

Жарандык активист: "Коомчулукта "хайп" жаратам деп баары эле кыйкырчаак болуп кетти"

 

"Коомчулукта "хайп" жаратам деп баары эле кыйкырчаак болуп кетти". Мындай пикирин жарандык активист Кубанычбек Баялиев SUPER.KG порталы уюштурган талкууда билдирди.

"Ырчылардын бул программасын биринчи көргөндө эле биздин коомго бул туура келбейт го деп айткам. Бул долбоор ошол менен Инстаграмда эле талкуу болуп жатты. Кийин гана фейсбукта талкууга алынып кетип, коомчулукка жайылды. Коомчулукта "хайп" жаратам деп эле баары эле кыйкырчаак болуп кетти. Адам коомдо өз ордун билгенден кийин моралдык жоопкерчиликти да сезе билиш керек. Ырчылардын артында канчалаган күйөрмандары турат. Мен министрлик аларга эскертүү бергенине макулмун. Бирок таптакыр эле наамдарын алып, коомдон четтетип салганга каршымын.
Ошондой эле Маданият министрлигин тепкилегенге дагы каршымын. Себеби алар ырчыларга биринчи айтканда алар кечирим сураган жок, кайра тескери реакция кылышты. Билгениңерди кылып алгыла дегендей эле айтты. Кийин анан кечирим сурап чыгышты. Албетте, видеолор толтура, бирок алар биринчиден кыргыз тилинде эмес, башка тилде. Биздин маданият өкүлдөрүнүкү кыргыз тилинде болгон үчүн интернетке киргенде эле чыгат. Анын үстүнө алар социалдык тармактар аркылуу жарыя кылышты. Жаш балдарыбыз ошолорду көрүп сөгүнгөндү, башка кылганды үйрөнмөк. Булардыкы көчө сөздөрүнөн дагы төмөн болуп кетти, ошол үчүн да жат көрүнүш десек болот", - дейт Баялиев.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоевдин ырчылар менен биргеликте жасаган долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, чуу жараткан. Мындан улам Маданият министрлиги Курал Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинен ажыратып, аталган берүүгө тартылган ырчы Кайрат Примбердиевди дагы "Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу каралып жаткандыгын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.01.2021. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайратка эскертүү эле берсе го... Ошол байкушка убал болду "жамандын кесепети" тийип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: