super.kg logo

Орусияда мигранттар үчүн квоталарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартиби киргизилди

 

Орусияда мигранттар үчүн квоталарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартиби киргизилди. Бул тууралуу 14-январда Орусиянын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Орусиядагы мигранттардын укуктары жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, административдик укук бузуулары үчүн аларды өлкөдөн чыгарбоо, убактылуу жашоого уруксаты бар документтерин жокко чыгарбоо сунушталат.

"Бул мыйзам мигранттардын мыйзам бузууларын азайтып, алардын укуктарын коргойт жана мигранттар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткени алардын ар бири белгилүү бир аймакка белгилүү бир максат менен келишет. Кайда иштеш керектигин түшүнүшөт. Экинчи жагынан бул региондорго миграция жараяны так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", - деген коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Анатолий Выборный.

Жаңы мыйзам боюнча чет элдик жаран тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү же миграция мыйзамдарын бузуу менен байланышкан эки же андан ашык укук бузуу катталса убактылуу жашоого уруксаты бар документтеринен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле коомдук коопсуздукка шек келтирген мигрант Орусиянын аймагына беш жыл бою кире албай тургандыгы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.01.2021. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 Паспортум тен жок журом Москвада, элчиликтен хотя бы загранпаспорт алсам болобу?
16.01.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Apyn8793, Ассаламу алейкум ооба болот Жалпы жарандык паспорт алганы Элчиликке кайрылыныз.
16.01.2021. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Посольствого паспорт алуу учун кайрылгам адикардтын срогу бутконунон но алар за гран паспорт ала алаарымды айтышты а внутренний паспортту только Кыргызстанда
17.01.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оруссия мигранттарга женилдик берууго милдеттуу себеби Москва мигрант менен Москва чынында.Дагы женилдиктерди беруулоруу керек.Мигрант азайганда айласыз болууда учурда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: