super.kg logo

Индонезияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 40тан ашты

 

Индонезияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 40тан ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук табигый кырсыктардын алдын алуу башкармалыгынын маалыматына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Анда жазалган маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинен 34ү Мамуджу аймагында болсо, 8и Маджене аймагында катталган.

"Индонезиянын Мамуджу шаарына жакын Сулавеси провинциясында 14-январда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан 42 адам каза болуп, 637 адам ар кандай жаракаттарды алышты", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 2 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 60 имарат, анын ичинде мейманкана жана жергиликтүү губернатордун кеңсеси талкаланганы, оорукана кыйрап, андагы ондон ашык бейтаптар менен дарыгерлер эвакуацияланганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: