super.kg logo

Ак-Талаа районунун акимин тапанча мен коркуткан жаран кармалды

 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун администрациясына мас абалында келип тынчтык бербей тапанча көтөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 12-январь күнү саат болжол менен 16:30 чамасында Баетов айылынын администрациясына белгисиз бир адам мас абалында келип тынчтык бербей жатат, жанында тапанча көтөрүп жүрөт деп Ак-Талаа РИИБине билдирүү келип түшкөн. Аталган дарекке ыкчам-тергөө тобу барган учурда Ак-Талаа районунун тургуну 1979-жылы туулган А.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, жанында газопневматикалык тапанча алынган. Тапанчанын эч кандай далилдөөчү документтери жок көтөрүп жүргөндүгү такталган.

Аталган факты Ак-Талаа РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Чүй облусунун тургуну А.Э. Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрацияна мас абалында барып, коомдук тартипти одоно бузган. Ошондой эле Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациянын башчысынын бөлмөсүнө кирип барып, өзү менен бирге алып жүргөн белгисиз ок атуучу куралы менен тап берип, коркутуп, түшүнүксүз сөздөр менен нааразы ирээтинде ар кандай сөздөрдү айткан.

2021-жылдын 14-январь күнү Ак-Талаа райондук соту шектүүнүн камакка алуу түрүн тандап алуу өтүнүчү менен киргизилип 2 айлык мөөнөткө камакка алынган. Азыркы учурда тийиштүү соттук-экпертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: