super.kg logo

Ак-Талаада мыйзамсыз курал алып жүргөн жарандар аныкталды

 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин профилактикалык түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 8-январь күнү Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын күн чыгыш тарабынан белгисиз адамдар аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында алар Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын тургундары 1991-жылы туулган Ж.А. жана ушул эле айылдын тургуну 1992-жылы туулган М.Д. өздөрүнө тиешелүү болгон калибр үлгүсүндөгү ок атуучу куралын эч кандай далилдөөчү документтери жок мыйзамсыз көтөрүп алып, колдонуп жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча бүгүнкү күндө Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.01.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Документти жок курал бар экенин булар кайдан билмек эле бирөө сатты да. Документти жок куралды бекитип колдонбой эле койгулачы андан көрө документти менен эле алып алгыла баш оору жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: