super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллиондон ашты

 

Бүгүн, 16-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 93 миллион 869 миң 189 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 51 миллион 713 миң 442 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 9 миң 595 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 23 миллион 530 миң 463 болду. 392 миң 106 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 179 миң 715 адамдан аныкталды. 152 миң 93 адам каза болсо, 10 миллион 542 миң 841 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 393 миң 492 адам вируска кабылган. 208 миң 246 бейтап көз жумса, 7 миллион 438 миң 75 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: