super.kg logo

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун 7 жылдыгы Жалал-Абадда белгиленүүдө

 

16-январда ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 7 жылдык мааракеси Жалал-Абад шаарында белгиленди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ички иштер органдарында эмгектенип, өз милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлердин рухтарына багыштап Жалал-Абад шаардык борбордук мечитинин имамы Нематулла Жээнбеков куран окуду.

Андан соң өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана иш-чарага катышып жаткан айрым күч түзүмдөрүнүн жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Алар Шумкар атайын багыттагы полкунун майрамы менен куттукташып, жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу жумушунда ийгиликтер болуусун каалашты. Ошондой эле ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат өтөгөн бир катар кызматкерлерге Жалал-Абад ОИИБинин жана күч түзүмдөрүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Өлкө аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында 2014-жылдын 17-январында “Шумкар” атайын багыттагы полку түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: