super.kg logo
  Спорт  

Лионель Месси "Барселонадагы" карьерасында алгачкы кызыл айып кагазын алды

 

Бүгүн, 18-январда футбол боюнча Испания Суперкубогунун финалдык беттеши "Олимпико де Севилья" стадионунда болуп өттү. Финалдык беттеште каталондук "Барселона" клубу менен "Атлетик Бильбао" командасы кез келип, оюн 2:3 эсебинде "Атлетик Бильбао" клубунун жеңиши менен аяктады.

Беттештин бүтөрүнө бир мүнөт калганда "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси оюндан четтетилди. Аргентиналык футболчу "Атлетиктин" оюнчусуна карата орой ойногондугу үчүн кызыл айып кагазын алды. Бул четтетүү Мессинин "Барселона" клубунун карьерасындагы алгачкы кызыл айып кагазы болду.

Лионель Месси "Барселона" клубунда 2003-жылдан бери ойноп келет.

"Барселона" - "Атлетик Бильбао" (2:3);

Голдор: Антуан Гризманн (40,77-м), Оскар де Маркос (42-м), Асьер Вильялибре (90-м), Иньяки Уильямс (93-м).






"Барселона" - "Атлетик Бильбао" (2:3)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: