super.kg logo

Таң эрте Балбак Түлөбаев жумушка чыкпай жаткан айдоочуларга кайрылуу жасады

 

Бишкекте айрым маршруттук таксилердин линияга чыкпай жатканын окурмандар SUPER.KG порталына билдиришүүдө. Ал эми шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев таң эрте айдоочуларга кайрылуу жасады.

"Силердин көйгөйүңөрдү жакшы билебиз, жети жылдан бери тарифти көтөргөн эмеспиз. Ошондуктан силер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Бизге кээ бир линиянын маршруттук таксилери чыкпай жатат деген маалыматтар келип жатат. Силердин абалыңарды түшүнгөндөй силер дагы элдин абалын түшүнгүлө. Өлкөдө пандемия, элдик толкундоо болду. Силер айткандай азыр эле көтөрүп бере албайбыз. Анын өзүнүн эрежеси бар. Биз бул маселени Экономика министрлигине киргизип, анан алар карап чыгып шаардык кеңешке жөнөтөт. Шаардык кеңеште апрель айында жаңы шайлоо болот. Ошону менен Май айына чейин бул маселенеи чечкенге аракет кылабыз, болгон чындык ушул.

Эгер жумушка чыкпасаңар мен башка маршруттук таксилерди чыгарууга аргасыз болом. Себеби мен элди ташышым керек. Эртең дагы башка сөздөр чыкпасын. Азыр түшкө чейин анализ кылабыз, чыкпаган маршруттук тасилердин ордуна башкалар иштеп баштайт. Ошондуктан жумушка чыккыла", - деди Түлөбеав.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.01.2021. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маршруткалардын санын азайтып чыккысы келбегендерди линиядан алып салгыла ансыз да жрл тыгынын пайда кылгандар ушулар жүргүнчүлөргө орой мамиле кылгандарычы
18.01.2021. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мэрге баа бердим. Ачыгын болгонун болгондой, маршрутниктердин да элдин да абалына жараша жооп бериптир. Обычно мындай учурда аткаминерлер суйлошуулор журуп атат, иш алып баратабыз деп тунгуюк эле жооп берчу.
18.01.2021. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура айтат.. бул маселе Тулобаев эле алып жол кирени кобойто койуп чеччу маселе эмес. Убакыт керек. Бир жагынан элди да ойлоп атат да молодец. Как оно есть айтты. Дагабы куткуло чечип беребиз. Кутпойсунорбу башка маршруткалардв кое берем линияга элди ташышым керек.. вот мужик!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: